Профессордук-окутуучулар курамына кабыл алуу СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2025-2026-окуу жылына университеттин төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн профессордук-окутуучулук курамдарынын кызмат орундарына сынак жарыялайт:
1. Мамлекеттик тил жана маданият институту
2. Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту
3. Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту
4. М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту
5. Педагогика жана психология институту
6. Табигый илимдер институту
7. Жаңы маалыматтык технологиялар институту
8. Экономика жана менеджмент институту
9. Японтаануу институту
10. Дене тарбия жана спорт институту
11. Искусство жана дизайн институту
12. Эл аралык билим берүү институту
13. Дин таануу институту
14. Физика-математика факультети
15. Орус филологиясы факультети
16. Медицина факультети
17. Педагогикалык колледж
Сынакка арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 25-августу.
Окуу жайда иштебеген талапкерлер арызга: иштеген жери боюнча кадр кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн фотосу бар кадрларды каттоо баракчасын; өмүр баян; жогорку билими жөнүндө дипломдордун, илимий даражалардын жана илимий наам жөнүндө күбөлүктөрдүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн; өтүнмө ээсинин колу коюлган жана иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн жарыяланган окуу басылмаларынын жана илимий эмгектердин тизмесин тиркөө зарыл.
Университетте иштегендер арызын жана жарыяланган окуу басылмаларынын жана илимий эмгектеринин тизмесин беришет.
Бардык суроолор боюнча (сынактын тартиби жана шарттары, орду, күнү, жыйынтыгы) Адам ресурстары башкармалыгы (Кадрлар бөлүмү) тел.: 66-39-80 жана Окуу башкармалыгына тел.: 66-16-53 кайрылсаңыздар болот.