Blog Image

Профессор Ч.Койчуманова "Алтай - түрктөрдүн ата мекени. Түрк цивилизациясынын жаралуу тарыхына карата" аталышында эл аралык ИПКга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Койчуманова 16-18-сентябрь күндөрү "Алтай - түрктөрдүн ата мекени. Түрк цивилизациясынын жаралуу тарыхына карата" аталышында Горно-Алтайск шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференциясында "Тарыхый тагдырлардын жалпылыгы Борбор Азия жана Россия элдеринин биримдигинин фактору катары" баяндама жасады.

Конференциянын алкагында Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарыхынын маселелерин чагылдырган тарыхый билим берүүгө багытталган биргелешкен программаларды жана иш-чараларды уюштуруу үчүн жалпы аянтча түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Позвонить