Blog Image

КМУнун Стартап борборунун "FUTURE YOUTH" командасы DESIGN SPRINT иш-чарасында II орунду ээледи

20-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борборунун "FUTURE YOUTH" командасы IDEA Central Asia тарабынан уюштурулган "Жаштар үнү" жаштар долбоорунун алкагында DESIGN SPRINT иш-чарасына катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар коомду жана инновацияларды өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган мыкты санариптик чечимдерди түзүү жана презентациялоо боюнча иштешти.

Калыстар тобунун конкурстук тандоосунун жана чечиминин жыйынтыгы боюнча И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борборунун командасы II орунду ээлеп, сыйлык катары фирмалык мерч жана 27-28-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган "Стартап улут - 2025" аттуу ири жаштар иш-чарасына чакыруу алды.

DESIGN SPRINT иш-чарасына катышуу КМУнун Стартап борборунун командасы үчүн олуттуу кадам болуп, балдарга чыгармачылык жана командалык иш көрсөтүүгө гана эмес, ошондой эле Борбордук Азиядагы жаштардын демилгелери арасында таанылууга мүмкүндүк берди.

КМУнун Стартап борбору "FUTURE YOUTH" командасын жетишкендиги менен куттуктап, жаштардын демилгелерин жана ишкердигин өнүктүрүү жолунда мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Позвонить