Blog Image

КМУнун ректору А.Абдраева Япониядан келген делегация менен жолугушту

23-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева билим берүү, медицина жана социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Япониядан келген делегация менен жолугушту.

Япон делегациясынын курамында «Глобал» ассоциациясынын башкы директору Рей Миямото,

«Шинджи стоматологиялык клиникасы» медициналык корпорациясынын директору Синджи Такахаши, «Моэги-но Кай» социалдык камсыздоо корпорациясынын директору Шинъя Ишимото, «Аполлония» стоматологиялык клиникасынын директору Кэнъичиро Хино, «Нанаиро» стоматологиялык клиникасынын директору Масакадзу Мацубара, КМУнун ректорунун кенешчиси Ётсухаши Мичинори.

Жолугушууда кызматташтыктын төмөнкү багыттары талкууланды:

- стоматология жана ооз көңдөйүнүн гигиенасы боюнча адистерди даярдоо программаларын өнүктүрүү;

- КМУнун студенттери үчүн биргелешкен билим берүү жана медициналык долбоорлорду уюштуруу;

- социалдык иш жана саламаттык сактоо тармагында эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү;

- Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы маданий жана академиялык алмашууну кеңейтүү.

Балдар жана өспүрүмдөр арасында стоматологиялык оорулардын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, студенттерди Япониянын тажрыйбасын эске алуу менен «Социалдык иш» багыты боюнча даярдоого бурулду.

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева япониялык кесиптештер менен кызматташуу студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана эл аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Адаттагыдай, Япония тарабы КМУнун демилгелерин колдоого даяр экендигин билдирип, медицина жана социалдык тармактарда тажрыйба алмашууну сунуштады.

Позвонить