КМУнун ректору А. Абдраева Кыргыз-Венгрия ректорлорунун II форумуна катышууда
Бугүн, 19-сентябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Кыргызстан менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган Кыргыз-Венгрия ректорлорунун II форумуна катышууда.
Форумдун алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Венгриядагы Паннония (University of Pannonia) жана Мишкольц (University of Mickolc) университтеттери менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Эки тараптуу кызматташтык келишими билим жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Иш-чара билим, илим жана маданият тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүү максатында уюштурулган.