КМУнун ректору А.Абдраева IM JAPAN компаниясынын делегациясын кабыл алды
21-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева IM JAPAN (International Manpower Development Organization, Japan) компаниясынын делегациясын кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кесиптик даярдоо жана адистерди алмашуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Аталган ири компаниянын иш сапарынын негизги максаты – карыларга кам көрүү жаатындагы Кыргызстандын кадрдык потенциалы менен таанышуу, ошондой эле Япониянын эмгек рыногу үчүн адистерди даярдоодо мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоо.
Маалымат үчүн:
IM JAPAN - 1991-жылы негизделген уюм, анын негизги ишмердүүлүгү Японияга чет элдик техникалык стажёрлорду жана адистерди даярдоо жана тартуу болуп саналат. Уюм карыларга кам көрүү, өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө окутуу, стажировкалоо жана ишке орноштуруу программаларын ишке ашыруу менен Азия өлкөлөрү менен активдүү кызматташат.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева университет Японияда иштөө үчүн квалификациялуу адистерди даярдоодо, өзгөчө улгайган адамдарга кам көрүү жаатында негизги өнөктөш болууга даяр экендигин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтык билим берүү жана социалдык чөйрөлөрдөгү кыргыз-жапон мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдиришти.