КМУнун Окуу иштери боюнча проректору болуп Дурус Козуев дайындалды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу иштери боюнча проректору кызмат ордуна филология илимдеринин доктору Козуев Дурус Исакбаевич дайындалды.
Жаңы кызмат ордуна дайындалган проректорду КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов тааныштырды.
КМУнун профессордук-окутуучулар курамы Дурус Исакбаевичке бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалайт.