Blog Image

КМУнун Кыргыз-кытай факультетинин ага окутуучусу А.Кытыкенова Казак-немец университетинин студенттерине конок-лекция окуду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-кытай факультетинин ага окутуучусу Алина Кытыкенова Алматы шаарындагы Казак-немец университетинин эл аралык мамилелер адистигинин студенттерине «Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги багыттары» темасында конок-лекция окуду.

Жолугушуу Казак-немец университетинин Магистранттардын билимин изилдөө борборунун (CRGE) чакыруусу менен уюштурулду.

Позвонить