КМУнун Кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысынын орун басары К. Ачекеев “Университеттер жарманкеси” иш-чарасына катышты
И.Арабаев атындагы КМУнун Кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысынын орун басары Кадырбек Ачекеев “Университеттер жарманкеси” иш-чарасына катышты.
Анда К.Ачекеев Аксы жаштар биримдиги тарабынан уюштурулган “Туура тандоо – жаркын келечек” долбоорунда катышкан Кыргызстандын 10 университетинин бири катары абитуриенттерге И.Арабаев атындагы КМУга 2025-2026-окуу жылына жүрүп жаткан кабыл алуу тууралуу ой бөлүштү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбеков, “Билимкана” мектебинин негиздөөчүсү Элнура Осмоналиевалар спикерлик кылды.
Университеттер жарманкесине ар тараптуу кызыктырган маалыматтарды билүү үчүн Аксы районунан келген 150дөн ашык мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.