КМУнун өкүлдөрү эл аралык стратегиялык билим берүү сессиясына катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору, доцент Гульназ Жалилова жана Орус филологиясы факультетинин деканы, доцент Назгүл Сегизбаева Бишкек шаарында өткөн «Евразиялык билим берүү мейкиндигин түзүү жана ишке ашыруу: биринчи кадам Россия-Кыргызстан» аталышындагы эл аралык стратегиялык билим берүү сессиясына катышты.
Сессиянын негизги максаты: Россия менен Кыргызстандын бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган иш-чаралар планын («жол картасын») жаңылоо.