Blog Image

КМУнун Дин таануу институту Ислам изилдөө борбору менен кызматташат

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дин таануу институтунун директору, Ph.D доктор Нурбек Шамралиев Истанбул шаарындагы ислам изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Муртеза Бедир менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюшту.

Бул келишим эки тараптуу байланыштарды чыңдоого, билим берүү жана илим жаатындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт.

Позвонить