КМУнун 2-курсунун студенттери корей тилин окуган ЖОЖдор арасында корей тилинде ырдоо конкурсуна катышты
12-апрель күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери К.Карасаев атындагы БМУда өткөн корей тилин окуган ЖОЖдор арасында корей тилинде ырдоо конкурсуна катышты. Анда, Анаркулова Асель III орунга (акчалай сыйлык 6000 сом), Кидикова Аземи кызыктыруучу орунга (акчалай сыйлык 4000 сом) ээ болушту.