Blog Image

КМУга кытайлык кыргыз окумуштуу Гүлдөөлөт Курбан кызы келди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, институттун директорунун орун басары Аида Эгембердиева, Манас таануу кафедрасынын башчысы Талант Рысбаев Кытай Эл Республикасынан келген кыргыз окумуштуу, Шичаң университетинин доценти, PhD доктор Гүлдөөлөт Курбан кызы жана “Манас” улуттук академиясынын Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, PhD доктор Дабыт Абдылбары уулу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Манас” эпосуна байланыштуу макалалар, илимий-изилдөө иштерин биргелешип жүргүзүү маселелери макулдашылды.

Позвонить