КМУда "Японияда туризмди өнүктүрүү жана региондук кайра жаралуу" аталышында онлайн конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Японияда туризмди өнүктүрүү жана региондук кайра жаралуу" аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чара Nippon Travel Agency компаниясы тарабынан уюштурулуп, ага КМУнун Японтаануу институтунун студенттери катышты.
Иш-чаранын максаты студенттерде Япониянын маданияты, иш алып баруу өзгөчөлүктөрү жана туризм тармагындагы практикалык процесстер тууралуу терең түшүнүк калыптандыруу.
Конок-лекциянын жүрүшүндө Nippon Travel Agency ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүүдөгү келечектүү мүмкүнчүлүктөр жана кызматташуунун жаңы жолдору талкууланды.