КМУда санарип инструменттерди билим берүү процессинде колдонуу боюнча тренинг өтүүдө
И .Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Педагогикалык колледжинин ага окутуучусу, тренер Гүлира Токтогулова “Геймификация жана жасалма интеллектке негизделген санарип инструменттерди билим берүү процессинде колдонуу” аталышында тренинг өтүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты: окутуучуларды жана студенттерди билим берүүдө геймификация ыкмаларын жана жасалма интеллектке негизделген санарип куралдарды натыйжалуу колдонууга үйрөтүүдө.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар ар түрдүү платформалар жана программалар менен иштешип, интерактивдүү билим берүү ыкмаларын практика жүзүндө өздөштүрүүдө.