КМУда “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышында республикалык сынак өтүүдө
22-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгынын алкагында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүн утурлай “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары арасындагы республикалык сынактын жыйынтыктоочу иш-чарасы өтүүдө.
Аталган сынак жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаңы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана И.Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте уюштурулуп, республика боюнча ЖОЖдордун жана колледждердин октуучулары катышкан. Калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр төмөнкүдөй багыттар боюнча аныкталып, сыйлыктары салтанаттуу тапшырылды:
ЖОЖ аралык
1-багыт: эне тил катары окутуу
1-орун - Жусуева Сюита Калмаматовна – Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кыргыз филология кафедрасынын ага окутуучусу;
2-орун - Кылычбаева Элнура Омурбековна – КР Эл аралык университетинин азыркы тилдер кафедрасынын окутуучусу.
3-орун - Абдысапар кызы Перизат - Талас мамлекеттик университети, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу.
2-багыт: экинчи тил катары окутуу
1-орун - Сулайманкулова Мээрим Бекболотовна – И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын доценти;
2-орун - Жумагул кызы Айнура – И.Раззаков ат. КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент.
3-орун - Бакирова Гулбурак Сейдалиевна – ОшМПУ, Кыргыз-Россия факультети, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу.
3-багыт: чет тили катары окутуу
1-орун - Туратбек кызы Жазгүл – Эл аралык жогорку медициналык мектеби, ф.и.к., ага окутуучу.
2-орун - Каленбекова Гүлбарчин Тайырбековна – Б.Осмонов атындагы ЖАМУ, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу.
КООЖ аралык
1-багыт: эне тил катары окутуу
1-орун - Арыкбаев Асанбек Кадырбекович - Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун колледжи, мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу.
2-орун - Карымшак кызы Тамара - И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин чет тилдери ОККББ бөлүмү.
3-орун - Байиева Бегайым Абдугапаровна - Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, кесиптик колледждин окутуучусу.
Кызыктыруучу сыйлык
Такабаева Айжан Аскарбековна - И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучусу.
Жеңүүчүлөрдү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева куттуктап, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн заманбап методикаларды, технологияларды жайылтуу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын бөлүм башчысы Кутмырза Жакыбалиев, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нургүл Рымбекова куттукташып, сыйлыктарды тапшырышты.
Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Т.Ахматов атындагы кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.