Blog Image

КМУда ирандык белгилүү каллиграфтар мастер-класс өтүштү

Бүгүн, 19-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ирандык белгилүү каллиграфтар Касра Занди жана Мохаммад Джавад Шабани студенттер үчүн мастер-класс өтүштү.

Иш-чарага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова жана профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Мастер-класстын жүрүшүндө чыгыш каллиграфиясынын ырааттуу ыкмалары, кооз жазуунун сыры жана тарыхы тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, каллиграфтар өз өнөрлөрүн тартуулап, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулган.

Позвонить