КМУда британдык парламенттик форматтагы ЖОЖдор аралык дебаттык турнир өттү
ЖОЖдор аралык кызматташууну бекемдөө жана студенттик активдүүлүктү өнүктүрүү максатында, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Манас» дебаттык клубу борбор калаадагы алдыңкы студенттик командалардын катышуусунда ЖОЖдор аралык дебаттык турнир өткөрүлдү. Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун профсоюз комитетинин колдоосу менен өткөрүлүп, адам укуктары, сөз эркиндиги, теңчилик, репродуктивдик ден соолук, демографиялык өнүгүү жана жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу сыяктуу маанилүү темалар талкууланган уникалдуу билим берүү аянтчасына айланды.
Турнирге БУУнун Калктын жайгашуусу боюнча фонду (UNFPA) атайын колдоо көрсөтүүдө. Бул уюм аялдардын жана жаштардын укуктары менен ден соолугун камсыздоого, гендердик теңдикти илгерилетүүгө жана зомбулуктун алдын алууга көмөктөшөт.
Уюштуруучулардын ишениминде, бул иш-чара жаштардын интеллектуалдык маданиятын калыптандырууга жана академиялык ачыктыкты бекемдөөгө чоң салым болот.
Турнирдин негизги темалары:
- Репродуктивдик ден соолук жана укуктар
- Жаштардын чечим кабыл алууга катышуусу
- Демографиялык өнүгүү жана жашоо сапаты.