Blog Image

КМУда Борбордук Азияда англис тилин окутуу саясаты боюнча семинардын үчүнчү күнү өтүүдө

Бүгүн, 5-июнь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Британдык Кеңеш тарабынан ишке ашырылып жаткан AELLCA (Accelerating English Language Learning in Central Asia) долбоорунун алкагында Борбордук Азияда англис тилин окутуу саясаты боюнча семинардын үчүнчү күнү өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун Илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан келген коноктор жана Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө англис тилин үйрөтүүчү окутуучуларды даярдоодогу улуттук артыкчылыктар жана эл аралык тажрыйбалар тууралуу талкууланды.

Семинардын алкагында баяндамалар жасалып, англис тилин окутууда глобалдык билим берүү тенденцияларын жана туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен комплекстүү мамиле кылуунун зарылдыгы белгиленди.

Позвонить