Blog Image

КМУда 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата маданий иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, Эсенбол Бегалиев жана Хантемир Болот уулу “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Позвонить