КМУ жана “Манас” улуттук академиясы ортосунда меморандумга кол коюлду
8-июль күнү Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен “Манас” улуттук академиясы мамлекеттик мекемеси ортосунда өз ара кызматташуу боюнча меморандумуна кол коюлду.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева жана “Манас” улуттук академиясы мамлекеттик мекемесинин президенти Азиз Биймырза уулу меморандумга кол коюшту.
Тараптар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн жана ыйгарым укуктарынын чегинде ар тараптуу колдоо көрсөтүү, усулдук кызматташуу жана ошондой эле маданият жана искусство тармагында бир нече багыттар боюнча иш алып барууну көздөйт. Алар:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгармачылык эркиндигине, маданий жашоого катышуусуна жана аткаруучулук чеберчиликке бирдей жетүүсүнө конституциялык укугун камсыздоо үчүн эки тараптуу кызматташтыкты уюштурууга жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жана программаларды түзүү жана ишке ашыруу;
- “Манас” эпосун, кенже эпосторду, айтуучулук өнөрдү (манасчылык, дастанчылык, төкмө акынчылык) жана музыкалык аткаруу искусствосу чөйрөсүндө өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө бардык багытта пропагандалоого, таанытууга өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган иш-чараларды, программаларды жана долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу;
- айтуучулук өнөр, музыкалык искусство чөйрөсүндө таланттуу жаштарды аныктоого жана колдоого багытталган иш-чараларды, программаларды жана долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу, кесиптик өсүү жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү;
- тажрыйба алмашуу максатында иш-чараларды, жолугушууларды, фестивалдарды, форумдарды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, мастер-класстарды, тегерек столдорду, семинарларды, сынактарды, уюштуруу жана өткөрүү;
- интернетте маалыматтык ресурстарды түзүү жана колдоо;
- китептерди, гезиттерди, журналдарды жана башка басма басылмаларды, окуу-методикалык каражаттарды, көргөзмө буюмдарды, буклеттерди, жарнак-маалыматтык материалдарды, сувенирлерди чыгарууну уюштуруу жолу менен басма, аудио, видео жана кинопродукцияларды, анын ичинде биргелешкен продукцияларды түзүү.