КМУ менен Венгриянын КРдагы элчилиги ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду
Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Венгриянын Элчилигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Документке КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева жана Венгриянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги кол коюшту.
Келишимде академиялык мобилдүүлүктү, окутуучулук жана маданий алмашууну кеңейтүү каралган. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында КМУга Венгриядан окутуучу келип, венгр тили жана маданияты боюнча курстарды жүргүзөт.
Жолугушууда эки тарап биргелешкен демилгелерди жана билим берүү долбоорлорун мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.