И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Т.Абдраеванын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу мекендештер, кесиптештер жана студенттер!
Сиздерди 23-cентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүгө зор маани берет.
Мамлекеттик тил – билим алуунун, илимий изилдөөлөрдүн, баарлашуунун негизги каражаты болуп, өлкөбүздүн экономикалык, маданий, саясий өсүшүндө маанилүү роль ойнойт.
Улуу “Манас” эпосунда эне тилин аздектөө, аны өркүндөтүү, кыргыз тилинин бардык тармактарда кеңири колдонулушуна шарт түзүү – учурдун орчундуу талабы.
Жогорку ылдамдык менен өзгөрүп жаткан ааламдашуу доорунда кыргыз тилин таза сактоо, жаңы муунга бай мурастары менен кошо өткөрүү, татыктуу билим жана тарбия берүү биздин башкы милдетибиз.
Байыртадан бери сакталып келе жаткан улуу тилибиз дагы далай доорду өткөрүп, карт тарых менен улуттук баалуулуктун кенчи бойдон кала береринде шек жаралбайт.
Урматтуу мекендештер!
Мамлекеттик тил күнүбүз кут болсун!